20- Август 1992 -жылы "Кара сүйүү" сериалындагы баш каарман Нихандын образын аткарган түрк актрисасы Неслихан Атагүл төрөлгөн
Көпчүлүк сүйүп көргөн, каармандарды көрүп жатып кошулуп ыйлаган түркиялык "Түбөлүктүү сүйүү" ("Kara sevda") сериалынын башкы каарманы Нихандын ролун жараткан Неслихан Атагүл  Түркиянын Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген. Неслихандын ата-энеси мегаполистин жөнөкөй жашоочулары, атасы айдоочу, апасы көпчүлүк түрк айымдарындай эле үй кожойкеси болгон. Апасы кызынын талантын байкап, келечегин көрө билип колдоо көрсөтө баштаган. Ошентип кичинекей кезинде ал актрисалыкка жетүүнү өз алдына максат кылып койгон. Болочоктогу актриса сериалдарды кууп көрүп, актрисаларды туурап киного тартылгысы келчү. Атагүлдүн карьерасы алгач жарнамалык роликтерге тартылуу менен башталган. 2005-2006-жылдары "Tofita", "Valenza Kids" жана "Sutas" бренддеринин жарнамаларына модель катары тартылган. 2006-жылы 13 жашында алгачкы ирет "Биринчи сүйүү" ("Первая любовь") аттуу тасмага тартылып, жергиликтүү кинофестивалда "Келечектен көптү үмүттөндүргөн актриса" наамына арзыган. Актрисалык дареметин көргөн киносынчылар Неслиханды бир ооздон келечекте башкы ролго татыктуу актриса болот деп жоромолдошкон. Алар чынында жаңылышкан эмес. 2008-2009-жылдары Неслихан "Күзгү жалбырактар" ("Листопад") сериалынын 34-сериясына катышкан. 2011-жылы сүйүүнү даңазалаган "Жүрөгүм сени тандады" (Мое сердце выбрало тебя") тасмасынын ажарын ачкан. 2013-жылы Неслихан Атагүл "Стамбулдун эки жүзү" ("Два лица Стамбула") сериалында баш каармандын ролун ойноого сунуш алган. Бүтүндөй Түркияга "Жашоо улана берет" ("Жизнь продолжается") тасмасындагы башкы каарман Элифтин ролу менен таанылган (2015). Жаш болгонуна карабай 2012-жылы тартылган "Кат" ("Чистилище") тасмасындагы Зехранын ролу үчүн ата мекендик жана эл аралык сыйлыктарга татыган. 2015-2017-жылдары "Түбөлүктүү сүйүү" тасмасынын 2 сезонуна тартылды. Неслихандын аталган сериалдагы каарманы бир учурда периште жана азезил. Анын каарманынын милдети – телекөрүүчүлөргө ийгиликтүү, бай адамдардын да көйгөйү бар экенин, көпкө күттүргөн бакытка тоскоолдуктар аркылуу жетерин көрсөтүү эле. Көрүүчүлөр анын сүйүүсүнө күбө болуп, ал ыйласа ыйлап, күлсө кошо күлүп келишет. Өнөктөшү Бурак Өзчивит менен сүйүү түбөлүктүү болорун далилдеп, сериалдын планында жок 2-сезонун тартууга түрткү болушкан. Эң башкысы, бул сериал сулуулугу менен таланты жуурулушкан Неслиханды дүйнөгө таанытты. Белгилей кетсек, актрисанын жигити Кадир Догулу аны Бурактан кызганып тартуу аянтчасында кошо жүргөн. Буга Бурак таарынып, түгөйлөрдүн үлпөт тоюна барбай койгон. 2017-жылы "Түбөлүктүү сүйүү" сериалы Американын Нью-Йорк шаарында өткөн "Эмми" эл аралык сыйлыгынын 45-тапшыруу аземинде "Эң мыкты чет элдик теленовелла" наамына татыды. 2018-жылы "Жан кечти" ("Самоубийца") жана "Түп" ("Дно") тасмаларына тартылууга жетишти. Көк көзү менен популярдуу болгон түрк актрисасы Нургүл Йешилчайды басып өтүп, Неслихан учурдагы түрк киносунун бермети аталып жаткан кези. Жаш актрисанын жеке жашоосу да ийгиликтүү болду. "Стамбулдун эки жүзү" сериалы Неслиханды болочоктогу жолдошу Кадир Догулу менен жолуктурган. Тасмада сүйүктүүлөрдү ойногондор сезимдерин сериалдан тышкары да улантып, 2 жыл кыз-жигит болуп жүрүп 2016-жылы 8-июлда баш кошушкан. Актрисалыктан тышкары моделдик кесибин улантып келет. Неслихан Атагүл келбетине өзгөчө көңүл буруп, тамакты мүнөздөп жеп, йога менен машыгат. Атагы артып турса да кымбат баалуу кийим, гаджеттерге кызыкпайт. Актриса китеп окуганды жакшы көрөт. Анын сүйүктүү жазуучуларынын арасында Франц Кафка, Карлос Кастанеда, Урсула Ле Гуиндин чыгармалары, ошондой эле Тим Бёртондун жана Дэвид Линчтин тасмаларын көрүүнү жактырат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан