8- Август 1987 -жылы Кыргыз жеринде тартылган "Общага" сериалы аркылуу атактуулукка жеткен өзбек актрисасы Шахзода Матчанова төрөлгөн
Өзбекстандын театр жана кино актрисасы Шахзода Матчанова Нукус шаарында жарык дүйнөгө келген. Өзбекстандын Ташкент шаарындагы Дүйнөлүк экономика жана элчилик университетин бүтүргөн. Жаш кезинде актриса болуу жөнүндө эч качан ойлонгон эмес, бирок ага бир жолу "Өзбекфильмдин" режиссёру көңүл бөлүп, тасмага тартылып көрүүнү сунуштаган. Кастингге барып, бирок тандалган эмес. Ошентсе да анын сүрөтүн көргөн режиссёр Зебо Наврузова кастингге чакырат, бул ирет роль берилип, "Апрель-Май" (2007) тасмасына тартылган. Атактуулукту ага 2013-жылы Кыргыз жеринде тартылган "Общага" тасмасындагы Тахминанын ролу алып келген. Ошол эле жылы криминал, драмалык жанрдагы Максат Жумаев режиссёрлук кылган "Туман" тасмасында образ жараткан. 2009-жылы ал "Акыркы көз ирмем" ("Последнее мгновение"), "Жан дүйнөмдүн уурдоочусу" (Похититель моей души") жана "Өзүмдү издеп" ("В поисках себя") тасмаларына тартылып актрисалык карьерасын уланткан. 2010-жылы "Глаз души", "Гүл", "Мадина", "Жашоодогу кыялым", "Өжөр" фильмдеринде, 2011-жылы "Закым", "Күйөөнү бердиң, күч бер", "Көрүнбөстөр", "Той", "Укмуштуудай кыялдар" тасмаларында, 2012-жылы "Дүйнө", 2013-жылы "Общага", "Туман", "Мүмкүнчүлүк" тасмалары, 2015-жылы "Күздө гүлдөгөн дарак", "Мүмкүнчүлүк 2", "Баракелде, Камалиддин!", 2016-жылы "Русалкалар үчүн үй" жана "Барон" тасмаларында роль ойногон. Өзбек кинорежиссёру Ёлкин Туйчиевдин "Русалкалар үчүн үй" тасмасында башкы каармандын ролун аткарып кино жаатында жаңы деңгээлге көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк алды. Анткени аталган тасма эл аралык сынактарда байгелүү орундарга ээ болгон. Бүгүнкү күнгө чейин 30 фильмдин ажарын ачкан актриса учурда модель катары мода журналдарынын жүзү болуп келет. 2016-жылдын 25-ноябрында ал 29 жашында Омар аттуу мырзага турмушка чыккан. Ошондой эле жолдошунун шоу-бизнес чөйрөсүнөн алыс адам экендигин ачыктаган. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын "Улуттук кино тармагына кошкон салымы үчүн" өзбек актрисасы Шахзода Матчановага "Ак илбирс" статуэткасы ыйгарылды. Сыйлоо аземи 27-апрелде Бишкек шаарындагы "Манас" кинотеатрында орун алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан