17- Сентябрь 1985 -жылы
орусиялык ырчы Бьянка төрөлгөн
Орусиялык ырчы Бьянка (толук аты-жөнү Татьяна Эдуардовна Липницкая) Беларустун Минск шаарында төрөлгөн. Кичине кезинен ыр-бийге жакын өсүп, бүгүнкү күндө Беларусь жана орусиялык R&B-ырчы, ырлардын автору, музыкалык продюсер, бийчи, телеалпаруучу жана актриса катары эмгектенип келет.
R&B стилинде ырдаган Орусиядагы алгачкы ырчы саналган таланттуу айым музыкалык карьерасын 2005-жылдан тарта баштап, алгач өзүнүн стилин "Орус элдик R’n’B" деп атаган.
40ка жакын ыры угармандарына сунушталса, алардын дээрлик бардыгына клип тартылган. 4 тасмада роль жаратып, өзүн актриса катары да сынап көргөн.
Ырчынын акыркы жарык көргөн альбому "Чем мне любить" деп аталып, ага "Вылечусь", "Жёлтое Taxi", "В чувствах", "На дух не переношу" сыяктуу популярдуу саналган 5 ыры кирген.
2018-жылы ырчы менен достук мамиледе жүргөн өзүнүн продюсери, гитарачы Роман Безруков колун сурап, түгөйлөр үлпөт тоюн август айында өткөрүшкөн.