3- Ноябрь 1959 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев туулган
Байпакбаев Экмат Журукпаевич 1959-жылдын 3-ноябрында Чүй облусуна караштуу Москва районунун Сретенка айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1982-жылы Воронеж мамлекеттик университетинин Филология факультетин бүтүргөн.
1998-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика факультетин бүтүргөн.
1984-1986-жылдары Сокулук районундагы "Народная трибуна" гезитинин редакциясында кабарчы болуп иштеген.
1987-1990-жылдары  Кыргыз Телеграф Агенттигинин (КирТАГ) башкы редакциясында кабарчы болгон.
1990-1994-жылдары  "Труд" гезитинин (Москва ш.), Кыргыз өлкөсүндөгү өздүк кабарчысы.
1996-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буюрмасына ылайык Кыргыз Республикасынын басма сөз кызматынын референти болуп дайындалган.
1996-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы болуп иштеген.
1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк инвестиция жана экономикалык өнүктүрүү мамлекеттик комитетинин, Донорлорду координациялоо башкармалыгынын башчысы.
2000-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын Каржы министирлигинин алдындагы Мамлекеттик салык инспекциясынын директорунун жардамчысы болгон.
2002-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестициаларды тарттыруу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кеңешчиси болуп дайындалган.
2002-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик комитетинин Банктроттук иштер башкармалыгынын башчысы.
2006-2010-жылдары "Кыргызтелеком" ААКнун директорлор кеңешинин мүчөсү.
2010-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министирлигинин алдындагы Мүлктүк мамилелер департаментинин директору.
2014-2015-жылдары "Тазажан" ишканасынын коммерциялык директору.
2015-жылдын октябрь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты,  "Республика-Ата Журт" саясий партиясы.
Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан