7- Ноябрь 1990 -жылы
Дүйнөнүн мыкты дарбазачыларынын бири Давид де Хеа туулган
Испания улуттук курама командасынын жана англиялык "Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун негизги дарбазачысы Давид де Хеа 1990-жылы 7-ноябрда Мадрид шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын атасы өз убагында "Хетафе" футболдук клубунун дарбазачысы болчу. Давид де Хеа үй-бүлөнүн жалгыз баласы болгон.
10 жашында ал мектептин футболдук курамына кирип, жарым коргоочу жана чабуулчу катары ойногон. 13 жашында Давид де Хеа "Атлетико Мадрид" футболдук клубуна кабыл алынат.
17 жашында "Атлетико", ал эми 2011-жылы "Манчестер Юнайтед" футболдук клубу менен келишим түзгөн.
Давид де Хеа испаниялык ырчы, алып баруучу жана модель Эдурне Гарсия Альмагро менен жылуу мамиледе. Эдурне дарбазачыдан 5 жашка улуу.
2012-жылы дарыгерлер де Хеага алысты жакшы көрө албайт деген диагноз коюшкан. Бактыга жараша, көзүнүн көрүүсү анын оюн ойноосуна жана карьерасына терс таасирин тийгизген эмес. Оюн талаасына чыкканда дайыма линза колдонот.