Беделдүү эл аралык мелдештерде Кыргыз туусун желбиреткен, кыз-келиндер арасындагы спорт чебери Мээрим Жуманазарова 1999-жылдын 9-ноябрында, Талас облусундагы Оро айылында машыктыруучунун үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Рахмадил Жуманазаров эркин күрөш боюнча машыктыруучу болсо, апасы Айнура Чолпонкулова фельдшер-лаборант болуп эмгектенет.
Мээрим Жуманазарова 2014-жылы Оро айылындагы орто мектепти бүтүрүп, 2016-жылы Кыргыз эл аралык университетинин колледжин аяктаган. 2017-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына тапшырган.
2011-жылдан баштап Мээрим Жуманазарова белгилүү машыктыруучу Нурбек Изабековдун алдында машыгып, мелдештерге катышып келет.