14- Ноябрь 1994 -жылы
Жиу-житсу боюнча Азия оюндарынын чемпиону Төрөкан Багынбай уулу төрөлгөн
Жиу-житсу боюнча Азия оюндарынын чемпиону Төрөкан Багынбай уулу Ош шаарында 1994-жылы төрөлгөн. Апасы Чолпонай Жүзбаева, башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенет. Төрөкан Багынбай уулу үй-бүлөдө 3 уулдун кичүүсү.
2007-жылы Ош шаарындагы Киров атындагы орто мектепти бүтүрүп, Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Олимпиадалык резервдеги республикалык окуу жайында 2010-жылга чейин окуйт. Мындан улам Ош шаарындагы мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде окуп, аны 2018-жылы аяктайт.
Төрөкан Багынбай уулу алгачкы беделдүү мелдештеги медалын Түркияда өткөн грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда тагынган.
2016-жылы Багынбай уулу Беларустун Минск шаарында грэпплинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда кайрадан байгелүү орунга илинет, бул ирет медаль коло болот.
Бир жылдан соң кыргыз спортчусу Орусияда өткөн грэпплинг боюнча Дүйнө Кубогунда 2 категорияда күч сынашып, бардык атаандаштарын жеңип, 2 алтын медалды тагынганга жетишет.
2018-жыл Төрөкан Багынбай уулу үчүн дагы ийгиликтүү болот. Март айында Багынбай уулу Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда кайрадан 2 категорияда күрөшүп 2 алтын медаль тагынат.
2018-жылдын август айында Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында Төрөкан Багынбай уулу алтын медалды утуп алып, кыргыз тарыхындагы Жайкы Азия оюндарынын 5 чемпионунун катарына кирген.