22- Ноябрь 1988 -жылы
Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты Айсулуу Мамашова туулган
Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы эң жаш депутат Айсулуу Мамашова Бишкек шаарында туулган.
2008-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук унивеситетинин Эл аралык билим берүү программаларынын интеграциялоо инстутунун Кыргыз-Европа факультетин "Экономика жана башкаруу" адистиги боюнча бүтүргөн. Андан кийин "Ишкердик башкаруу" адистигине ээ болуп, 2010-жылы магистр квалификациясын алган.
17 жашында "Автоучкомбинат" ЖЧКсынын башкы директору болуп эмгектенген. 2009-жылдан тартып "Фирма Дасмия" ЖЧКсынын президенти болгон.
2015-жылы "Ата Мекен" социалисттик партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча комитетинин мүчөсү. 2016-жылы турмушка чыккан. 2017-жылы кыз төрөгөн.