31- Июль 1960 -жылы
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева туулган
Бактыгүл Жээнбаева Фрунзе шаарында туулган.
Эмгек жолу:
1985-1992-жылдары "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү бекетинде инженер-экономист болуп иштеген.
1992-1994-жылдары экономист, Улуттук банкта башкармалыктын башчысынын орун басары. 1994-1996-жылдары Улуттук банкта бөлүм башчы. 1996-2006-жылдары Кыргыз айыл-чарба каржы корпорациясынын директору.
2007-жылы НТСтин башкы директору.
2007-жылы Адилет партиясынын теңтөрагасы, "Ак-Шумкар" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү. 2010-жылы "Кыргызстандын коммерциялык банкынын"башкармалыгынын төрайымы. 2010-жылы "Кыргызстандын коммерциялык банкынын" директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары. 2010-жылдын июль айынан 2011-жылдын июнь айына чейин Улуттук банктын төрайымынын милдетин аткаруучу. 2011-2015-жылдары Улуттук Банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары. 2015-2016-жылдары Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрайымы.
2016-жылы "Айыл Банкынын" башкармалыгынын төрайымы.
2017-жылы Немис мамлекеттик өнүктүрүү банкынын кеңешчиси (мамлекеттик ипотекалык компаниянын техникалык колдоосу)
2017-2018-жылдары "Араванд" микрофинансылык компаниясынын директорлор кеңешинин төрайымы.
2018-жылдын июль айынан тартып президенттин кеңешчиси болуп иштеп баштаган. Ошол эле жылдын декабрь айында финансы министри болуп дайындалган.