22- Ноябрь 1993 -жылы Франциялык актриса Адель Экзаркопулос туулган
"Аделдин жашоосу" аттуу мелодрама аркылуу популярдуулукту багынткан француз актрисасы Адель Экзаркопулос 1993-жылы 22-ноябрда Франциянын Париж шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу. Адель бала чагында абдан түнт, көпчүлүккө аралашпаган кыз болуп чоңойгон. Аны мындай мүнөзүнөн арылтуу үчүн ата-энеси балдарга арналган театралдык студияга беришкен. Адель 12 жашында "Марфа" чыгармасында дебюттук ролун жараткан. Андан көп өтпөй эле кичинекей актрисага "Р.И.С. полиция" аттуу телесериалга тартылууга сунуш түшкөн. Жаш актриса 15 жашында "Темпельбахтан чыккан ашынган тентектер" аттуу фильмде башкы ролду жараткан. Ал эми чоң экранга "Тегеректеп курчоо" аттуу согуш темасына арналган драмага тартылуу менен чыккан. Кино II Дүйнөлүк согуш учурунда фашисттерден жабыркаган еврей элинин жашоосу жөнүндө болгондуктан дүйнөлүк сатыкта 25 миллион доллар киреше алып келген. 2013-жылы француз режиссёру Абделатиф Кешиштин "Аделдин жашоосу" аттуу киносу экранга чыккан. Анда актриса башкы ролду жараткан. Бул кино бүткүл Орусияга "Көк - эң жылуу түс" деген аталыш менен белгилүү болгон. Мына дал ушул киного тартылуу менен актриса менен режиссёрдун чыгармачылыгында чоң бурулуш болгон десек жаңылышпайбыз. Анткени дал ушул кино актрисага дагы, режиссёрго да ийгилик алып келген. Аталган кино Канн кинофестивалында башкы сыйлык катары саналган "Алтын пальма бутагын" жеңип алган. Ал эми актриса ушул эле фестивалда өзүнө берилген ролду ийине жеткире аткаргандыгы үчүн "Мыкты актриса" наамына татыган. Адель Экзаркопулос мындан тышкары "Кутучалар" (Коробки), "Ак чарчы" (Белый квадрат), "Акыркы адам" (Последнее лицо), "Жетим" (Сирота) жана башка тасмаларда роль жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан