25- Ноябрь 1979 -жылы Америкалык актёр Юэль Киннаман туулган
"Жан кечтилер тобу", "Ажыдаардын сүрөтү бар бийкеч", "Арам акчалар" жана башка тасмалар аркылуу белгилүү болгон швециялык, америкалык актёр Юэль Киннаман 1979-жылы 25-ноябрда Швециянын Стокгольм шаарында төрөлүп-өскөн. Актёрдун атасы жумушуна байланыштуу Европа жана Америкада иштеп калганы үчүн, азыркы учурда Юэлдин кош жарандуулугу бар. Өзү Швецияда төрөлүп-өссө да, көпчүлүккө америкалык актёр катары да таанымал десек болот. Мектепти аяктагандан кийин Швециянын Мальмё шаарындагы театралдык академияга тапшырган. Ошондой эле Гетеборг атындагы шаардык театрда 4 жылдан ашык иштеген. Актёрго эң алгач "Кылмыш жана жаза" тасмасы ийгилик алып келген десек болот. Анткени дал ушул киного тартылгандан кийин режиссёрлор тарабынан көптөгөн сунуштар түшүп, Швециянын киноматографиясына кадам таштаган. Голливудга барганга чейин бир нече скандинавиялык тасмаларда роль жаратууга жетишкен. Мындан тышкары ал "Сенин тамырыңда" аттуу романтикалуу драмага, "Йохан Фальк" аттуу боевик тасмасына тартылган. Кинноман өз өлкөсүнө "Арам акчалар" аттуу мистикалык тасмага тартылуу менен белгилүү болгон, андан кийин дүйнөлүк деңгээлдеги кино Голливудга чакырылган. Анда биринчи "Адам өлтүрүү" телесериалына башкы ролго тартылып, ийгиликтүү болгон. Актёрдун 2014-жылы тартылган "Робокоп" аттуу фантастикалык-боевик тасмасына тартылуу менен дүйнөгө белгилүү боло баштаган. 2015-жылы ал дароо "Түнкү качкын", "44-номур" жана "Рыцарь кубков" аттуу 3 киного тартылган. 2016-жылы актёр "Карточный домик", андан көп өтпөй "Жан кечтилер тобу" тасмаларында образ жараткан. Актёр "Укмуштуу Макс. Кыжырланткан сапар" тасмасына башкы ролго чакыруу алган, бирок ал сунуштан баш тарткан. Юэль Киннаман алгач америкалык актриса Оливия Манн менен мамиле түзгөн. Алар "Жаңылыктар бөлүмү" телесериалына тартылуу учурунда таанышкан. Ал эми 2014-жылдын ортосунда актёр Швецариянын популярдуу татуировкачысы Клео Ваттенстром аттуу кыз менен таанышып, түгөйлөр эки жылга жакын убакыт кыз-жигит мамилесинде жүрүп, 2016-жылы үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүшкөн. Юэль Киннаман ушул жылдын "Netflix" компаниясы тарабынан тартылган "Түсү өзгөртүлгөн көмүртек" аттуу фантастикалык телесериалында образ жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан