25- Октябрь 1984 -жылы
америкалык ырчы Кэти Перри төрөлгөн
Америкалык атактуу ырчы Кэти Перри "The Beatles" тобунун 6 жумалык Billboard чартындагы рекордун "Мен кызды өптүм" ("I Kissed a Girl") аттуу ыры менен басып өтүп, 7 апта бою кармалып турган жана 13 жолу "Грэмми" сыйлыгына сунушталган. 2016-жылы ырчы Бразилияда өткөн Олимпиада оюндарынын гимни катары жаңырган "Көтөрүлүү" ("Rise") аталышындагы чыгарманы аткарган. Өзгөчө стили менен америкалык атактуу ырчы Кэти Перри 34 жашка толду. Кэти "The Beatles" тобунун 6 жумалык Billboard чартындагы рекордун "Мен кызды өптүм" ("I Kissed a Girl") аттуу ыры менен басып өтүп, 7 апта бою кармалып турган жана 13 жолу "Грэмми" сыйлыгына сунушталган. 2016-жылы ырчы Бразилияда өткөн Олимпиада оюндарынын гимни катары жаңырган "Көтөрүлүү" ("Rise") аталышындагы чыгарманы аткарган. Кэти кичинекей кезинен тарта чиркөөдөгү хордо ырдап жүрүп, ырчылыкка 15 жашында мектептеги досторунун артында кызыгып, Аланис Мориссетт жана Жони Митчеллдин, ошондой эле "Queen", "Nirvana" жана "Heart" топторунун ырларын сүйүп уккан. Дароо эле максатынын артынан түшүп мектепти таштап италиялык операнын кыска курсунан өткөн. Алгач жараткан чыгармалары ийгиликсиз болгон. 2008-жылы гана "I Kissed a Girl" аттуу ыры менен дүйнөлүк музыкага жаңылык алып келе алган. Кийин "Жигиттердин бири" ("One of the Boys"), "Hot n Cold", "Кайрадан жолуксак" ("If We Ever Meet Again") деген ырлары да хит болууга жетишкен. 2010-жылы жарыкка чыккан "Фейерверк" ("Firework") ыры Кэтини ырчы катары мурункудан да жогорку деңгээлге көтөрө алган. Бир альбомдун "Фейерверк", "Last Friday Night", "E.T.", "Teenage Dream" жана "California Gurls" аттуу 5 ыры тең хит болуу менен атактуу поп ырчы Майкл Жексондун ийгилигин кайталаган. Ийгиликтин толкунунда калган ырчы 2012-жылы "Кэти Перри: Менин бир бөлүгүм" аттуу музыкалык тасмага кесиптештери Рианна, Леди Гага, Жастин Бибер жана Бритни Спирс менен чогуу тартылган. 2013-жылы чыккан "Prism" аттуу альбомунун ичинен "Roar" жана "Dark Horse" композициялары өзгөчө популярдуу болгон. 2015-жылы "Форбс" журналы Кэти Перрини 135 миллион доллар кирешеси менен эң кирешелүү атактуулардын катарына кошкон. Ырчы 2010-жылы 23-октябрда Рассел Бренд аттуу жигитке турмушка чыккан, бирок түгөйлөр арадан бир жыл өтпөй ажырашууга арыз беришкен. Кийин Перринин англиялык актёр Орландо Блум менен сүйүү мамилелери бар экени айтылып, көп өтпөй бул маалыматты сүйүшкөндөр тастыкташкан. Атүгүл эс алуу учурундагы сүрөттөрү байма-бай жарыяланып, "Блум ырчыга үйлөнүүгө даяр" деген кептер айтылган. Кэти Перри чач жасалгасын алмаштыруу жана аны ачык түстөргө боёо боюнча эксперимент жасоо жагынан алдына киши салдырбайт. Буга чейин эл алдына сыя, күлгүн түстөргө боёлгон чач жана кийме чачтар менен чыгып, ар түрдүү сын-пикирлерге туш болгон. Ал эми 2017-жылдын башында кара түстөгү чачын сары түскө боёсо, мурунку сүйгөнү Орландо Блум менен эки ажырым жолго түшкөн соң узун чачын кыска кырктырып, көпчүлүктү таң калтырган. Ырчы мунун себебин үй-бүлөсү менен алкоголдук ичимдиктерден баш тартып, топтук терапиядан өтүп жаткандыгы менен байланыштырган. Ошондой эле ал интернеттеги социалдык тармактардын да активдүү колдонуучусу. 2017-жылы 8-12-июнь күндөрү интернеттеги өздүк баракчасында 96 саат түз эфирде отуруп, 100 миллион көрүүчү топтогон. Аталган тармактын тарыхында биринчи жолу катталган бул рекордду тартуу үчүн 41 видеокамера колдонулган.