2- Ноябрь 1980 -жылы түштүк кореялык актриса Ким Со Ён төрөлгөн
Корей экранын өжөрлүгү менен багынткан актриса, модель Ким Со Ён Түштүк Кореянын Сеул шаарында төрөлгөн. Ал көпчүлүккө "Обо эне жөнүндө" жана "Айрис" сериалдарындагы ролдору менен белгилүү. Келечектеги корей сериалдарынын жылдызы кичинекей кезинен тарта өжөрдүгү менен айырмаланып, 14 жашында ата-энесинин уруксаты жок сулуулар сынагына катышып, баш байгени жеңип алган. Сынакта калыстардын көзүнө илинип, балдарга арналган телешоу берүүлөргө чакыруу ала баштаган. Алгачкы жолу 1994-жылы "Динозавр мугалим" аттуу сериалга тартылып, таанымал боло алган. Андан ары да ар кандай дорама жана тасмаларга чакырылган. Бирок 2000-жылы чыккан "Обо эне жөнүндө" аттуу сериал актрисаны Кореяда гана эмес, чет өлкөлөргө да тааныткан. Со Ён алгачкы тасмаларда таш боор кыздын образын ийине жеткире жараткандыктан, ага кийин да жалаң ырайымсыз кыздардын ролдорун сунушташкан. Актрисага атактуулук алып келген сериалдардын дагы бири 2009-жылы чыккан "Айрис" сериалы. Ал үчүн бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан каарманыбыз чачын кыска кырктырып, бир нече ай спорт менен активдүү машыгып, түндүк кореялык тыңчынын ролун алган. 2010-жылдан кийин "Татынакай прокурор", "Афина: Согуш Кудайы", "Айрис 2", "Романтикага муктажмын 3" сериалдарына тартылган. 2012-жылы "Орус кофеси" тасмасында япониялык шылуун кыздын образын чеберчилик менен жараткан. Ал эми 2015-жылы жарыкка чыккан "Сун Чжонго ашык болуу" аттуу дорамада сүйүүнүн өзгөчө окуясына туш болгон катчы кыздын ролун ачып берет. Анда жумуштагы башчысынын ага болгон көңүлүн байкайт. Кызыгы, башчы кызды өз эрки менен эмес, жакында гана алмаштырган жүрөгүнүн ээсинин каалоосу менен жактырып калат. Сулуу корей актрисаларынын алдыңкы катарын толуктаган Со Ён тасмага тартылууга түшкөн сунуштардын айрымдарына гана макул болору көп айтылат. Андыктан ал фильм жаатында аз, бирок саз образдарды жараткан. 2016-жылы "Бактылуу үй" сериалына тартылган. Чыгармачылыктан тышкары, модель катары эмгектенет. 2017-жылы Ким Со Ён сүйүктүүсү, актёр Ли Сан Уга турмушка чыккан. Экөө "Бактылуу үй" сериалына тартылуу учурунда таанышкан.2018-жылы тартылган "Сырдуу эне" сериалында бардар үй-бүлөнүн баласына репетиторлук кылган сырдуу аялдын образын ачып берген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан