13- Ноябрь 1986 -жылы түштүк кореялык актриса Мун Чэ Уон төрөлгөн
Түштүк кореялык актриса Мун Чэ Уон көпчүлүккө "Чуулгандуу сүрөтчү", "Улуу мурас", "Жебелердин согушу", "Жакшы жигит" жана башка сериалдардагы образы менен белгилүү. Мектепте окуп жүргөндө татынакай артисттерди көрүп актриса болууну кыялданган. Эң биринчи "Скумбрия, алга!" сериалына 2007-жылы тартылган. Алгачкы маанилүү ролу катары "Чуулгандуу сүрөтчүдөгү" (2008) куртизанка кыздын ролун атоого болот. Жарашыктуу келбети менен корей кыздарынын жүзүн дүйнөгө тааныта алган актриса режиссёрлордун көзүнө түшүп, заматта эл оозуна алына баштаган. Бир нече сыйлыктарга ээ болуп, биринчи жолу корей дорамаларынын тарыхында лесбиянка кыздардын сүйүүсү "Эң мыкты жуп" деп табылган. 2009-жылы Кореядагы кызыгуу жараткан "Улуу мурас" сериалына тартылган. Анда 2-планда образ жаратканына карабастан, башкы ролдогу Хан Хё Чжуну артта калтырып, Азиядагы актрисалардын арасынан көрүүчүлөрдүн 71 пайызынын добушуна ээ болгон.2011-жылы актрисага "Жебелердин согушу" аттуу тарыхый тасмадан сунуш түшүп, андагы кайталангыс образы үчүн "Эң мыкты жаңы актриса" деп табылган. Ушул эле жылы "Ханбийкенин сүйүктүүсү" аттуу сериалда башкы каармандын ролу сунушталган. Анда ал махабаты үчүн атасынын адилетсиз кадамдарына каршы күрөшкөн ханбийкенин образын чагылдырган. Дораманын алгачкы сериялары жарыкка чыкканда көрөрмандар тарабынан сын-пикирлер көп айтылган, ага карабастан актриса алардын пикирлерин өзгөртүүсү үчүн бардык аракетин жумшаган жана сериалдын аягында тасма элдин сүйүктүү дорамасына айланган. Тарыхый сериалдардагы ийгиликтеринен кийин Мун Чэ Уон заманбап тасмаларга тартылууну чечип, "Жакшы жигит" сериалында актёр Сон Чжун Ки жана Пак Си Юн менен чогуу "сүйүү үч бурчтугун" чагылдырган. Ал эми 2013-жылы медицина тармагына болгон кызыгуусунан улам "Мыкты дарыгер" дорамасында роль жараткан. 2016-жылы көпчүлүктүн көңүл борборунан орун алган "Бүгүнкү маанай" тасмасында роль ойногон. Актриса ар бир ролду берилүү менен ийине жеткире аткаргандыгы жана жөнөкөйлүгү менен да эл оозунан түшпөйт. "Чуулгандуу сүрөтчүдөгү" актриса Мун Гын Ён менен жакын курбулардан. Мун Чэ Уон актрисалыктан тышкары модель катары да белгилүү. Мун Чэ Уон катышкан "Керён периште тууралуу жомок" аттуу дорама 2018-жылдын 5-ноябрында жарыкка чыккан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан