16- Ноябрь 1991 -жылы түштүк кореялык актёр Пак Хёң Шик төрөлгөн
Күйөрмандарын жагымдуу жылмаюусу менен арбап алган атактуу корей актёру жана ырчысы Пак Хёң Шик төрөлгөн. Ал көпчүлүккө "Бул үй-бүлөгө эмне болгон?", "Мураскерлер", "Балбан билек До Бон Сун" жана башка дорамалардагы көрүнүктүү ролу менен белгилүү. Карьерасын 2010-жылы "Глория" жана "Татынакай прокурор" дорамаларынан эпизоддук роль алуу менен баштап, ага удаа эле популярдуу телешоу, музыкалык долбоорлорго катышып, өзүнүн ырчылык дареметин сынап көргөн. Ырчы катары таанылуу менен катар тасма талаасында "Сириус", "Мураскерлер", "Бул үй-бүлөгө эмне болгон?", " Гу Хэ Ра, багынба" жана башка сериалдарда образ жарата баштаган. Пак Хёң Шик 2013-жылы атактуу актёрлор Ли Мин Хо, Ким У Бин жана Пак Шин Хе менен биргеликте "Мураскерлер" сериалына тартылган. Дал ушул сериал аны көпчүлүккө тааныткан. Бай адамдын уулунун образын жаратуу "Жогорку кооомчулук" деген сериалда да уланган.2016-жылы "Хваран: Башталыш" аттуу дорамада Пак Хёң Шик Кореянын тарыхындагы үч падышалыкты бириктирген Силла өлкөсүнүн падышасынын ролун чагылдырып берген. Актёр башкы ролду аткарган "Балбан билек Дон Бон Су" аттуу дорама 2017-жылы эң мыкты дорама деп табылган. Ошол эле учурда Пак Хёң Шик "Жылдын мыкты актёру" сыйлыгын жеңип алган. 2018-жылы болсо "Форс-мажорлор" аттуу сериалда америкалык сериалдагы Майк Росстун жаңы версиясын мыкты чагылдырып берген. Учурда таланттуу актёр 2019-жылы жарык көрүүчү "Чындык издеген арачылар" аттуу тасмада арачы катары чындыктын артынан түшкөн жигиттин ролун ойноодо. Жеке жашоосун сыр тутууну жактырган актёр 2017-жылы актриса Пак Бо Ёнго болгон сезимдерин ачыктаган. Пак Хёң Шик менен Пак Бо Ён "Балбан билек До Бон Сун" дорамасына тартылуу учурунда таанышкан. Экөөнүн сүйүшкөн жаштардын назик сезимдерин идеалдуу ачып берүүсү миллиондогон көрүүчүлөрдүн жүрөгүн элжиреткен. Кийинчерээк актёр аталган сериалга Пак Бо Ён үчүн гана катышканын билдирген. Бирок журналисттерге берген билдирүүлөрүндө идеалдуу кыз катары "Girl’s Generation" кыздар тобунун ырчысы Сохёнду көрөрүн айткан. Карьерасын баштагандан тарта эң көп суроо-талапка ээ модель катары да эмгектенип келет. Ар бир адамга жасаган өзгөчө мамилеси үчүн санаалаштары "ханзаада" деп коюшат. ZE:A балдар тобундагы эң бою узуну жана келбеттүүсү саналат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан