24- Ноябрь 1993 -жылы түркиялык актриса Ханде Эрчел төрөлгөн
Түркиялык жаш актриса жана модель Ханде Эрчел төрөлгөн. Ал көпчүлүккө "Боз торгой" ("Королёк - птичка певчая"), "Гүнештин кыздары" ("Дочери Гюнеш"), "Сүйүүдө сөздүн кереги жок" ("Любовь не понимает слов") жана башка сериалдардагы ролдору менен таанымал. Ханде Эрчел 1993-жылы Түркиянын Бандырма деген шаарында төрөлгөн. Бир тууган эжеси Гамзе 1 жашка гана улуу болгондуктан, экөө эгиздердей чоңоюшкан. Кичинекей кезинен зирек өсүп, актёрдук чеберчилиги байкалган Ханде борборго барып таанымал болууну кыялданган. Карьерасын сулуулар сынагына катышуу менен баштаган. 2012-жылы "Түркия сулуусу" деп табылса, ошол эле жылы "Дүйнө сулуусу" сынагында 2-орунду багынткан.Конкурстагы ийгилигинен кийин көптөгөн режиссёрлордун көзүнө илинген Ханде Эрчел тасмага тартылууга жана белгилүү журналдарга модель катары чакырыла баштаган. Бою 175 сантиметр болгон татынакай түрк кызы алгачкы жолу "Боз торгой" жана "Өмүр дарагы" ("Древо жизни") сериалдарында эпизоддук ролдорду жараткан. Мындан көп өтпөй "Гүнештин кыздары" ("Дочери Гюнеш") телесериалындагы Селиндин образын жаратып көптөн күткөн ийгиликке жеткен. "Гүнештин кыздарына" тартылгандан кийин "Сүйүүдө сөздүн кереги жок" аттуу сериалдын жаратуучулары Хандеге башкы каармандын ролун сунуштайт. Романтикалык жолугушуулар жана күлкүлүү жагдайларга толо лентада Эрчел тентектиги, ары сүйкүмдүүлүгү, ары кежирдиги менен тасма күйөрмандарынын жүрөгүнөн орун алып, атактуулугу арткан. Дал ушул сериалдагы ролу үчүн 2017-жылы "Алтын көпөлөк" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ушул эле жылы актрисанын катышуусундагы "Кара бермет" ("Чёрная жемчужина") аттуу сериал жарык көрдү. Анда Эгей деңизинин жээгиндеги кыштакта кыз-жигиттин сүйүүсү үчүн көз арткандардын жана ичи тарлардын ар кандай бут тосууларына каршы күрөшү баяндалат. Актриса алгачкы ролу үчүн 1 аптада 5 килограммга чейин арыктаса, акыркы тасмаларда эринин чоңойткон. Ханде Эрчел тасма талаасына жаңыдан гана аралашканына карабастан өз өлкөсүндө гана эмес, чет өлкөлөргө да түрк кыздарынын жүзүн таанытып келет. Ал көбүнчө комедиялык жанрдагы сериалдарга тартылып, ийгиликтүү ролдору үчүн бир нече сыйлыктарга татыган. Ханде Эрчел кесиптештеринин арасынан жигиттеринин көптүгү менен айырмаланат. Бир нече убакыт актёр Экин Мерт Даймаз менен жакын мамиледе болуп келсе, кийинчерээк актёр Толга Сарыташ менен кыз-жигит катары мамилесин ачыктаган. 2016-жылы Ханденин жанынан "Сүйүүдө сөздүн кереги жок" сериалындагы түгөйү белгилүү түрк актёру Бурак Денизди байкашкан. Бирок актриса Бурак менен достук мамиледе экенин айткан. Өз кезегинде Бурак Дениз да актриса Бушра Девели менен кыз-жигит экенин жарыялаган. Ханде Эрчел 2016-жылдан тарта Түркиядагы "L'Oreal Paris" компаниясынын жүзү катары моделдик кесипти да аркалап келет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан