1- Декабрь 1988 -жылы корей ырчысы жана актёру Им Шиван төрөлгөн
Түштүк кореялык ZE:А балдар тобунун солисти, актёр, модель Им Шиван 1988-жылы Сеул шаарында төрөлгөн. Ага алгачкы атактуулукту "Адвокат" (2013) тасмасы жана "Маанисиз өткөн өмүр" ("Неудавшаяся жизнь") (2014) телесериалындагы образдары алып келген. Мектептеги окуусун аяктагандан кийин 2 жолу университетке тапшырып, экөөнөн тең айдалып кеткен. Карьеранын алгачкы тепкичин музыкалык ZE:A тобуна вокалист болуу менен аттаган. Топтун курамында 2010-жылы "Туулган жер" ("Nativity"), "Минага карай секирүү" ("Leap for Detonation"), 2011-жылы "Lovability" аталышындагы альбомдорун чыгарышат. Шиван ырчылык менен кошо скрипка жана гитарада мыкты ойнойт. Ырчы күйөрмандары арасында кичи пейилдиги жана жөнөкөйлүгү менен оозго алынып келет. Аракетчил, сымбаттуу жигитти режиссёрлор бат эле байкап, 2012-жылы "Айдын шооласына бөлөнгөн Күн" ("Солнце в объятиях Луны") аталышындагы тарыхый телесериалда башкы ролду ойноого чакыруу алган. Ушул эле жылы "Экваторлук адам" ("Человек с экватора") сериалында жана "Даяр бол!" ("Будь готов!") комедиясында роль жараткан. 2013-жылы ырчы БоА менен биргеликте "Сүйүү күтүп" ("В ожидании любви") сериалына жана 11 миллион көрүүчү топтогон "Адвокат" тасмасына тартылган. "Адвокат" фильми сүрөтчү Ян У Соктун комиксинин негизинде тартылып, анда 1980-жылдары жактоочулук кесипти аркалаган жигит тууралуу баяндалат. Калың эл тарабынан жакшы кабыл алынып, Кореядагы эң мыкты тасмалардын ичинен 8-орунду ээлеген. 2014-жылы Шиван "Үч бурчтук" сериалында актриса Пэк Чжин Хи жана Чжэ-чжун менен биргеликте "сүйүү үч бурчтугун" чагылдырган. Ушул эле жылы актёр жазуучу Юн Тхэхонун бестселлер чыгармасынын негизинде тартылган "Маанисиз өткөн өмүр" телесериалында роль жараткан. Ал эми 2015-жылы "Чэ Хон Са" деген тасмада Чосон династиясынын убагындагы падыша тартып алган сүйүктүүсүн хан сарайдан алып чыгуу үчүн кыздын кийимин кийген амалкөй жигиттин ролун ойногон. 2017-жылы "Ырайымсыздар" тасмасында абакка түшүп, бирок андагы тартипке баш ийбеген, бошотулгандан кийин кылмыштуу топтун башчысы болууну кыялданган Хён Су аттуу жашыруун жүргөн полиция кызматкеринин ролун ойногон. Режиссёр Пён Сон-хёндун аталган тасмасы 2017-жылы Канн кинофестивалында көрсөтүлгөн. Ушул эле жылы "Кара мышык" аттуу романтикалык кытай сериалында башкы ролдогу табышмактуу Чжи Бэктин образын ачып берген. Дорама, тасмалардагы ийгиликтүү образдары менен күйөрмандарынын жүрөгүнөн орун тапкан Шиван "Entertainment Relay'дин" тандоосу боюнча 2016-жылы Кореянын эң сүйүктүү актёр-идолу деп табылган. Актёрго 2017-жылы "Падышанын махабаты" дорамасындагы ханзаада Чунсондун ролу сунушталып, анда эң жакын досу Ринди сүйгөн көпөстүн Сан аттуу кызына ашык болуп калат.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан