7- Декабрь 1978 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов туулган
Примов Улан Бердибаевич 1978-жылдын 7-декабрында Ош шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 2000-жылы Ош технологиялык университетиндеги каржы жана экономика факультетин бүтүргөн. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин “юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган. Эмгек жолун 1998-жылы тамеки-ферментациялык заводдо кызматкер болуп иштөөдөн баштаган. Жогорку окуу жайды бүткөн соң Ош облусунун Алай районунун каржы башкармалыгында жетектөөчү адис, башкы бухгалтер, экономика бөлүмүнүн башчысы кызматтарында иштеген. 2004-жылы “Пэрити-Коал” ЖЧКсын негиздеп, 2014-жылга чейин директор болуп иштеген. 2007-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, Бюджет, экономика жана каржы боюнча туруктуу депутаттык комиссияны жетектеген. 2012-жылы кайрадан Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, 2014-жылдын январь айында Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон. 2015-жылынын 4-октябрында "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын орун басары. Алай районунун мамлекеттик администрациясынын, Ош облустук финансы башкармалыгынын, Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун отличниги. Экономика илимдеринин кандидаты. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан