Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Дүйшөнбиев Райимберди Сейдакматович 1974-жылы 11-декабрда туулган.
1995-жылы Казакстан Республикасынын Алма-Ата шаарындагы чек арачылардын жогорку командалык окуу жайын бүтүргөн.
2007-жылы Орусия Федерациясындагы Коопсуздук кызматы федерациясынын Чек ара академиясын бүтүргөн.
Аскердик жолун Орусия Федерациясынын Федералдык чек ара кызматынын Кыргыз өлкөсүндөгү өзүнчө тобу болгон Нарын чек ара отрядында "Торугарт" чек тозотунун (застава) башчысынын орун басары кызматы менен баштаган.
1997-2011-жылдары ар түрдүү офицердик жана жетектөөчү кызматтарда: чек ара кызматынын кошуундары менен түзүмдүк башкармалыктарында, чек ара бөлүкчөлөрүндө командачылыктарында өтөгөн.
2011-жылдын августунда Кыргыз Республикасынын чек ара мекемесинин жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.
2013-жылдын ноябрынан 2014-жылдын февралына чейинки аралыктарда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдеттерин убактылуу аткарган.
2014-жылдын 22-февралынан баштап Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматын жетектеген.
2016-жылдын 11-майынан баштап Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы болуп дайындалган.
Үй-бүлөлүү, үч уулу бар.