12- Декабрь 1972 -жылы Экономика министри Санжар Муканбетов туулган
Санжар Муканбетов Бишкек шаарында туулган. 1989-жылы Фрунзедеги №67 мектепти аяктаган. Жогорку билимди Кыргыз техникалык университетинде алып (1994), "радиоинженер" кесибине ээ болгон. 2003-жылы Кыргыз Улуттук университетин бүтүрүп "экономист" адистигин алат. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. Эмгек жолу: 1994–1995 — "Жанар" акционердик коомунда инженер-конструктор ; 1995–1996 —"Дастан" ишканасында инженер; 1996–1998 — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы техникалык кызматташтык агенттигинде биринчи категориядагы адис 1998–1999 — Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык өнүгүү мамлекеттик агенттигинде башкы адис. 1999–2001 — Чет өлкөлүк инвестициялар жана экономикалык өнүгүү мамлекеттик агенттигинде бөлүм башчы . 2001–2002 — Финансы министрлигинде мамлекеттик инвестициялар программалар башкармалыгынын башчысынын орун басары. 2002–2007 — Финансы министрлигинде мамлекеттик инвестициялар саясаты башкармалыгынын башчысы. 2007–2009 — Экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары. 2010–2014 — экономика министринин орун басары; 2014-жылдын октябрь айынан тартып Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысы. 2018-жылдын январь-апрель айларында вице-премьер-министр болот. 2018-жылдын 27-апрелинде кайра Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын башчысы болуп дайындалат. 2019-жылы май айында экономика министри болуп дайындалган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан