13- Декабрь 1968 -жылы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмазбек Эргешов туулган
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов 1968-жылы 13-декабрда Бишкек шаарында туулган. 1990-жылы экономист адистиги боюнча Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин аяктаган. 
Эмгек жолун 1993-жылы "Арууке" ишканасында маркетолог болуп баштаган. 
1994-1999 жылдары жеке ишкер;
2000-2002 жылдары "Бахтияр" Казакстандын фирмасында директор;
2002-2004 жылдары "Сульшер" Казакстандын фирмасында директор;
2004-2005 жылдары "Союз" Казакстандын фирмасында директор;
2005-2009 жылдары "Пеликан" Казакстандын соода үйүндө директор;
2009-2013 жылдары "Содружество 7" Казакстандын фирмасында директор;
2013-2016 жылдары "Актеп" Казакстандын фирмасында директор;
2016-жылы ноябрь айынан тартып "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан