17- Декабрь 1976 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова төрөлгөн
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова 1976-жылдын 17-декабрында Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ал 1999-жылы Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу факультетинен экономист-чыгыш таанучу кесибине ээ болгон. Эмгек жолун 1997-жылы, студенттик кезден баштаган. "Баласагын" жеке менчик мектебинде корей тилинен мугалим болуп эмгектенген; 1998-2002-жылдары "Пхурыл Киль" ЖЧКсында котормочу; 2002-2005-жылдары "Хануль" ЖЧКсында негизги менеджер, котормочу; 2005-2006-жылдары "Венчур Си энд Си Плаза" компаниясында котормочу; 2006-2008-жылдары "Венчур Си энд Си Плаза" компаниясында негизги менеджер – котормочу; 2006-2010-жылдары кореялык PARK8 OPC Компаниясынын Кыргыз мамлекетиндеги жергиликтүү өкүлү; 2011-2015-жылдары "Silk road services" ЖЧКсынын генералдык директору; 2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан