18- Декабрь 1962 -жылы
Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек Дүйшалиев туулган
Жогорку Кеңешитин депутаты Абдыбек Дүйшалиев 1962-жылы 18-декабрында Ысык-Көл облусуна караштуу Тон районундагы Бөкөнбаев айылында туулган.
Ал 1983-жылы Ташкентеги Геолого-чалгындоо техникумунан Техник чалгындоочу кесибин бүтүргөн.
1991-жылы Фрунзедеги Политехникалык институтунун Автомобиль жолдору, Инженер куруучусу кесибин бүтүргөн.
Эмгек жолун 3 разрядтагы бургулоочу болуп “Кумтөр” чалгындоо отрядында баштаган.
1991-жылдын ноябрь айынан баштап эмгек жолун Чүй облусунун мамлекеттик автоинспекция бөлүмүндө жол патрулдук кызматында уланткан.
1991-2001-жылдары Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүндө ага тескөөчү болуп иштеген.
2001-2006-жылдары Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын каттоо бөлүмүнүн ага тескөөчүсү.
2006-2008-жылдары Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын Ысык-Ата районундук каттоо бөлүмүнүн башчысы.
2008-2009-жылдары Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын каттоо, анализдөө жана алдын алуу борборунун башчысы.
2009-2010-жылдары Мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын көзөмөл каттоо бөлүмүнүн башчысы.
2010-жылдын февраль айынан тарта өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо Департаментинин башкы адиси болуп иштеген.
2010-жылдан апрелинен 2014-жылдын ноябрына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо Департаментинин директору кызматын аркалаган.