22- Декабрь 1988 -жылы
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров төрөлгөн
Абиров Жаныбек Болотбекович 1988-жылдын 22-декабрында туулган. Эки жогорку билими бар: 2006-2011-жылдары Кыргыз-Орус Славян университетин юриспруденция кесиби боюнча жана 2011-2014-жылдары Президенттин алдындагы башкаруу академиясын Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу кесиби боюнча окуган.
2016-жылы КСДПнын тизмеси боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланган.
2017-жылы "Абиров" коомдук фондун түзгөн. Бул уюм мектеп окуучуларынын лидердик сапаттарын өнүктүрүү жана керектүү заманбап билим берүү боюнча иштейт.
2018-жылдын 22-сентябрынан тарта Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы.