25- Декабрь 1965 -жылы Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов туулган
Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов 1965-жылдын 25-декабрында Фрунзе шаарында туулган. Ал 1984-жылы Ош облусунун Алай районунун №67 кесиптик-техникалык окуу жайын бүтүргөн. 1984-1986-жылдары Советтик армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөн. 1993-жылы Айыл чарба академиясын агроном адистиги боюнча аяктаган. 2002-жылы Ош технологиялык университетинде экономика тармагында, ал эми 2014-жылы Кыргыз-Өзбек университетинде юриспруденция багытында жогорку билимге ээ болгон. 1999-2004-жылдары "Кыргыз пахта" жабык акционердик коомунун вице-президенти; 2004-2010-жылдары "Кыргыз пахта" жабык акционердик коомунун президенти; 2010-2012-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси; 2012-2013-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы "Бажы инфраструктурасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; 2015-жылдын октябрында "Республика-Ата Журт" фракциясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Быйыл 13-июнда ал Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан