1- Январь 1969 -жылы
экс-министр Олег Панкратов туулган
Панкратов Олег Михайлович Жалал-Абад шаарында туулган.
Жогорку билимдүү. 1992-жылы Педагогикалык институтту “физика, информатика жана эсептөө техникасы” адистиги боюнча аяктаган. Ал эми 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин “юриспруденция” бөлүмүнөн билим алган.
Эмгек жолун 1999-2006 — “Ишкерлер союзу” коомдук бирикмесинин төрагасы болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин 2006-2010 — “БизнесПравоИнфо” ЖЧКсынын директору,
2010-2013 — Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары болуп иштеген.
2013 — 2015 — Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысынын кеңешичиси, ЕАЭБ жана Бажы биримдиги боюнча адис;
2015-жылдын май айынан ноябрь айына чейин — Кыргыз Республикасынын Экономика министри, вице-премьер-министр;
2018-жылдын 20-апрелинен тарта Кыргыз Республикасынын экономика министри. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.