3- Январь 1975 -жылы
Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов туулган
Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов 1975-жылы 3-январда Нарын обласуна караштуу Жумгал айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин "Экономика" багыты боюнча бүтүргөн.
2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинде "Юриспруденция" тармагында кошумча жогорку билимге ээ болгон.
2014-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын аспирантурасын "Атуулдук жана үй-бүлөлүк укук, кичи жече менчик ишканалар" багыты боюнча бүтүргөн.
2015-жылы Кыргыз техникалык университетинин "Энергокамсыздоо" адистигине ээ болгон. Эмгек ишмердигин 1996-1998-жылдары "Эмгекчил" акционердик коомунунда баштаган.
1999-2010-жылдары "Строй-Арсенал" жана "Эмгекчил" ишканаларынын негиздөөчүсү жана башкы директору болуп эмгектенген.
2010-2013-жылдары "Чыгыш электро" акционердик коомунун башкы директору болуп иштеген.
2013-2015-жылдары коомдук иштер менен алек болгон.
2015-жылдан тарта Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат болгон. Учурда аталган фракциянын лидери.
Үй бүлөлүү, төрт баланын атасы.