23- Ноябрь 1966 -жылы  Актёр Венсан Кассель төрөлгөн
Венсан Кассель – франциялык актёр, беделдүү "Сезар" сыйлыгынын ээси. Актёр өзү туулуп өскөн Францияда да, Оскарга татыктуу болгон "Каракуу" сыяктуу бир катар фильмдерге тартылган, Голливудда да кадыр-барктуу. Ал 1966-жылы Парижде төрөлгөн. Атасы Жан-Пьер Крошон Франциянын белгилүү актёру, апасы Сабина Литикье журналист болгон. Венсан Касселдин дагы 3 бир тууганы бар Венсан бала кезинде окугандын ордуна театрга барганды абдан жактырган. 1980-жылы 13 жашында ата-энеси ажырашып кетип, ал апасынын колунда калган. Ошондо анын шоктугу күч алып дүкөндөн майда-чүйдө товарларды уурдап бир нече жолу тартип сакчылары кармап кеткен. Мындан тышкары автоунаа айдап качкан деп да күнөөлөнгөн. Бирок акылы токтолгондо ал бейбаштыкты токтотуп цирк өнөрү боюнча окуу жайды аяктап, акча табуу үчүн Нью-Йоркко кетет. Ал жакта циркте иштеп өзү кыялданган акчаны жана атактуулукту таппай турганына көзү жетип, кайра Парижге келип, актёрлук курстан билим ала баштайт. Ошол эле учурда Жан-Луи Барро театрында иштей баштаган. Актёр ушул кезге чейин цирк өнөрүн таштоо боюнча туура чечимди өз убагында кабыл алганын айтып жүрөт.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан