9- Январь 1970 -жылы Мамлекеттик салык кызматынын мурунку төрагасы Теңизбек Абжапаров туулган
Абжапаров Теңизбек Жусупбекович 1970-жылдын 9-январында Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин "Бухгалтердик эсеп, көзөмөл жана чарбалык ишмердүүлүккө анализ" адистигин аяктаган. 1995–2002-жылдары Финансы министрлигинде башкы адис кызматынан бөлүм башчылыкка чейин жеткен, 2002–2009-жылдары Социалдык фонддун бир нече кызматында эмгектенген. 2009–2013-жылдары социалдык фонддун төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2013–2016-жылдары аталган фонддун төрагасынын биринчи орун басары болгон. 2016-2018-жылдары социалдык фонддун төрагасы болуп, 2018-жылдын майынан тарта мамлекеттик салык кызматынын башчысы болуп дайындалган. Ал 2019-жылы аталган кызматтан бошотулган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан