13- Январь 1971 -жылы
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асел Кодуранова төрөлгөн
Бүгүн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурунку вице-спикер Асел Кодуранова 48 жашка толду. Ал 1971-жылы 13-январда Фрунзе шаарында туулган.
Билими жогорку. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын "юрист" адистиги боюнча бүтүргөн. Кодуранова 3 баланын энеси.
Асель Кодуранова эмгек жолун 1988-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун комсомолдук комитетинде эсепке алуу секторунун статисти болуп баштаган.
1991-1993-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн Биринчи Май райондук Бүткүл Союздук Лениндик коммунисттик жаштар союзунда сектор башчы,
1994-2009-жылдары КСДП партиясынын аппаратында катчы, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, КСДП партиясынын төрагасынын уюштуруу жумуштары боюнча орун басары,
2009-2010-жылдары КСДП партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2010-жылы Кыргыз өлкөсүнүн Убактылуу өкмөтүнүн аппаратында мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы,
2011-2012-жылдары "Кыргызтелеком" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү,
2012-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы,
2015-жылы 4-октябрда КСДП партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты,
2017-жылдын 1-ноябрынан тарта Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланып, 2018-жылы 20-декабрдан бул кызматтан кеткен.