11- Январь 1975 -жылы актриса Гүлсина Чотонова төрөлгөн
"Карагыз" тасмасындагы ролу менен актрисалык тушоосун кескен актриса Гүлсина Чотонова Аксы районунун Сыны айылында төрөлгөн. 
Айылдагы орто мектепте 5-класска чейин билим алып, андан кийин Бишкектеги мектеп-интернатта билим алуусун уланткан. Мектепти аяктагандан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде билим алган. 
1997-жылы алгачкы эмгек жолун Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында баштап, "Метомарфоза", "Карагыз", "Исход", "Сулайман-Тоо", "Туздуу талаа", "Көпөлөк" жана башка тасмаларга тартылган. 
КТРКнын "Арноо концерт" берүүсүнүн режиссёру болуп эмгектенет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан