16- Январь 1996 -жылы BLACKPINK тобунун мүчөсү Ким Женни туулган
BLACKPINK тобунун мүчөсү Ким Женни Сеул шаарында туулган. 9 жашында билим алуу үчүн Жаңы Зеландия барган. 2010-жылы Түштүк Кореяга келип музыка индустриясындагы белгилүү агенттиктердин бири YG Entertainment`ге кастинг аркылуу өткөн. Женни 4 кыздан турган BLACKPINK тобу менен 2016-жылы дебют жасаган. Ал топтогу башкы рэпер, бийчи жана бэк-вокалчы. Ал көп убакыт Жаңы Зеландияда жашагандыктан англис тилинде эркин сүйлөйт. Албетте корей жана япон тилдерин дагы билет. Үй-бүлөдө жалгыз кыз. Дебют жасаганга чейин Женни агенттигиндеги сүрөтчүлөр менен кызматташат. 2012-жылы кыздардан түзүлө турган топтун биринчи мүчөсү катары анын ырдаганы элге көрсөтүлгөн. Бирок ырдын текстинде камтылган сөздөрдөн улам алгач Женни сынга кабылган. Кийинчерээк G-Dragon`дун клибине тартылган. Бул стажёр үчүн чоң жетишкендик катары саналат. BLACKPINK тобунда лидер жок деп айтылганы менен күйөрмандардын көбү Женнини лидер катары көрүшөт. Женни кийинүү стилинде да топтогу кыздардан өзгөчөлөнүп турганын байкоого болот. Көпчүлүп агенттик аны атайын бөлүп көрсөткүсү келет деп да айтып жүрүшкөн. Жису, Лиса, Розэ кара көйнөк кийгенде Женни ак, алар кыска көйнөк кийишкенде Женни узун көйнөк кийген учурлар көп кездешет. Топтогу башка ырчы кыздардын күйөрмандары Женниге ырлардын кызыктуу бөлүгү, экранда ага көп убакыт берилерин айтышат. BIGBANG тобунун мүчөсү Сынринин Женни YG Entertainment үчүн көзүр деп айтканы бар. 2018-жылдын 11-ноябрында BLACKPINK тобунун концертинде Женни "Solo" аталышындагы ырын элге тартуулады. 12-ноябрда клиби көрсөтүлүп, бир суткада 14 миллион жолу көрүлгөн. Бул Түштүк кореялык ырчы кыздардын арасында рекорд катары эсептелет. Женни 2018-жылдын декабрь айындагы рейтингде Түштүк Кореядагы популярдуу 30 ырчынын арасында 5 орунду алган. Ал эми ырчы айымдар арасында болсо МАМАМОО тобундагы Хвасадан кийин экинчи орунда. Женнинин кийген кийиминен тартып, шоу-программалардагы сүйлөгөн сөздөрү көңүл борборунда болуп келет. Эки жыл мурун Женни YG агенттигиндеги продюсер Teddy менен сүйүү мамилесинде экени тууралуу маалымат чыккан. Бирок агенттик тараган кептер чындыкка дал келбей турганын, маалыматты чыгаргандар менен соттошууга даяр экенин билдирген. Ушул жылдын 1-январында Женни ЕХО тобундагы Кай менен сүйүү мамилесинде экени белгилүү болду.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан