29- Январь 1963 -жылы
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев туулган
Чолпонбаев Космосбек Сариевич 1963-жылдын 29-январында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ичке-Жергез айылында туулган. Алматы мамлекеттик медициналык институтунун фармацевтика факультетин аяктаган (1980-1985-жылдары). Экинчи жогорку билими – юрист (2011-жылы КМЮА)
1985-1987-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда Фармацевтикалык химия жана дары формаларынын технологиялары кафедрасынын ассистенти;
1987-1990-жылдары И.М.Сеченов атындагы Москва медициналык академиясынын органикалык химия кафедрасынын аспиранты;
1990-1992-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда Фармацевтикалык химия жана дары формаларынын технологиялары кафедрасынын улук окутуучусу;
1992-1994-жылдары "Кыргызфарминдустрия" Мамконцернинин Стандартташтыруу жана дары каражаттарынын сапатын контролдоо илимий-өндүрүштүк борборунун директору;
1994-1997-жылдары "Кыргызфармимпэкс" илимий-өндүрүштүк фирмасынын генералдык директору;
1997-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары каражаттары жана медициналык техника боюнча башкармалыгынын башчысы;
1997-2002-жылдары Дары менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директорунун орун басары – Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары каражаттарынын жана медициналык техникалардын сапатын контролдоо башкармалыгынын башчысы;
2002-2010-жылдары И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун Фармацияны, дары каражаттарынын технологияларын башкаруу жана экономика кафедрасынын башчысы; ошол эле окуу жайдын окутуу-тарбиялоо иштери жана мамлекеттик тил боюнча проректору;
2010-2018-жылдары И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун Фармацияны, дары каражаттарынын технологияларын башкаруу жана экономика кафедрасынын башчысы.
2018-жылдын апрелинен тарта саламаттыкты сактоо министри.