29- Январь 1970 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Керезбеков төрөлгөн
Керезбеков Канат Керезбекович 1970-жылдын 29-январында Нарын облусунун Жумгал районундагы Жумгал айылында туулган. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин, 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин аспирантурасын, 2008-жылы Урал мамлекеттик юридикалык академиясынын докторантурасын бүтүргөн. Эмгек жолун 1992-жылы “Элдос лтд” илимий-өндүрүштүк фирмасында юрисконсульт болуп иштөө менен баштаган. 1996-2005-жылдары Кыргыз Републикасынын Улуттук илимдер академиясында иштеген. 2005-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору болуп эмгектенген. 2017-жылдын мартында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат болгон. Учурда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан