31- Январь 1990 -жылы Футболчу Турсунали Рустамов туулган
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Турсунали Рустамов 1990-жылы жеке ишкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Кичинекей кезинен футболго кызыккан Турсунали "Кара-Балта" командасында машыгып баштап, кийинчерээк Биринчи Лигада ойноп баштаган. 2009-жылы Рустамов "Шер" командасы менен келишим түзүп, аны менен 2 сезон ойнойт. Андан кийин ал "Алга" жана "Дордой" футболдук клубдарында ойноп 2014-жылы тажикстандык "Хужанд" футболдук клубунда өткөн. Турсунали Рустамов Тажикстанда карьерасын улантууну каалабай кайрадан бишкектик "Алгага" кайтып келет. 2016-жылы Оштун "Алай" командасында ойноп, 2017-жылы "Алга" клубуна өтөт. Кыргыз жерине көчүп келгенден кийин Турсунали Рустамов Кыргыз курама командасына чакыруу алган, бирок ал ошол кезде Тажикстандын курама командасына чакыруу күтүп жаткан. Тажикстандан чакыруу келбей, Турсунали Рустамов Кыргыз олимпиадалык курама командасына кошулуп, аны менен 2010-жылы Азия оюндарында ойногон. 2012-жылы Рустамов жаштар арасындагы Кыргыз курама командасы менен Шериктештик Кубогуна катышып, ал жактан 5 гол жараткан. Кыргыз улуттук курама командасында алгачкы оюнун 2012-жылы Казакстан курамасына каршы беттеште өткөрүп, 2013-жылы Белорусь курамасына каршы беттеште алгачкы голун киргизген. Турсунали Рустамов 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өткөн футбол боюнча Азия Кубогунда дагы катышты. Анда Рустамов Түштүк Корея, Филиппин жана БАЭ курамаларына каршы беттештерге катышып, 1 гол жаратканга үлгүргөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан