5- Февраль 1972 -жылы
«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров туулган
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Март айылында 1972-жылдын 5-февралында төрөлгөн.
Ал 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин “экономист” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1994-жылы Жалал-Абад Коммерциялык институтунда окутуучу болуп иштөө менен баштаган.
1997-1998-жылдары Ош шаардык мэриясында башкы бухгалтер;
1998-2000-жылдары Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясында башкы адис;
2000-2001-жылдары Жалал-Абад облустук статистикалык комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
2001-2003-жылдары Жалал-Абад облусунун мамадминистрациясынын бөлүм башчысы;
2003-2004-жылдары Базар-Коргон районунун мамадминистрациясынын аким-башчысынын орун басары;
2004-2006-жылдары Базар-Коргон районунун мамадминистрациясынын аким-башчысынын биринчи орун басары;
2006-2007-жылдары Ош шаарындагы “Ак каz” (Арак заводу) ЖЧКсынын директору;
2007-2010-жылдары Кара-Балта шаарындагы “КСЗ” мамлекеттик ишканасынын директору;
2011-2012-жылдары Кара-Балта шаарындагы “Апроса” (Кара-Балта кант комбинаты) АКсынын башкы директорунун орун басары;
2012-2015-жылдары Шопоков шаарчасындагы “Bear Beer” (пиво кайнатуучу завод) ЖАКынын президенти, “КСДП” фракциясынан Кара-Балта шаарындагы шаардык кеңештин депутаты.
2016-жылдын 17-февралынан азыркы мезгилге чейин Жогорку Кеңештин депутаты.
Үй-бүлөлүү, төрт баласы бар.