7- Февраль 1981 -жылы БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова туулган
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова 1981-жылы 7-февралда Фрунзеде туулган. Ал 2003-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган. Ал эми 2005-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин кайра даярдоо борборунун маркетинг, жарнама адистигин бүтүргөн.  2000-2001-жылдары акысыз юридикалык кызматтарды көрсөткөн "Жардам" долбоорунун кеңешчиси;  2003-2007-жылдары Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы;  2007-2009-жылдары "Оберон" ЖЧКсынын юристи; 2010-жылы Конституциялык кеңешменин мүчөсү; 2011-2013-жылдары Коомдук телерадио берүү корпорациясынын редакциялык кеңешчиси; 2013-2015-жылдары "ИИМди реформалоо боюнча чараларды киргизүүгө көмөк көрсөтүү" долбоорунун укуктук эксперти;  2015-жылы мыйзамдардын аткарылышына парламенттик контролду өркүндөтүү үчүн укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу боюнча кеңешчиси; 2016-жылы БШКнын мүчөсү болуп шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан