12- Февраль 1970 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев туулган
Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев Ош облусунун Өзгөн районундагы Комсомол айылында 1970-жылы 12-февралда туулган. Ал 1998-жылы Ош мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча бүтүргөн. 1987-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы “Ак-Жар” совхозунда жумушчу; 1988-1990-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1988 – 1999-жылдары Ош технологиялык университетинин мугалими, декандын орун басары; 2000-жылы Нарын районунун прокурорунун стажер-жардамчысы; 2001-жылы Нарын райондук прокуратурасында тергөөчүнүн стажеру; 2001-2005-жылдары Нарын облусунун Кочкор районуну прокуратурасында тергөөчү жана Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы; 2005-2007-жылдары Чүй облусунун Жайыл районунун прокуратурасынын ага тергөөчүсү, Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору, Чүй облусунун Сокулук районунун прокуратурасынын тергөөчүсү, Кыргыз транспорттук прокуратурасында прокурордун ага жардамчысы; 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы. 2013-жылдары Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары; 2015-жылы “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан