14- Февраль 1963 -жылы Экс-мэр Кубанычбек Кулматов туулган
Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов 1963-жылы 14-февралда туулган. Ал 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. 1986-жылы Ленинград мамлекеттик университетинен тарых адистиги боюнча бүтүргөн. Ал эми 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин менеджмент факультетин аяктаган. 
1986-1988-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде тарых илимдер кафедрасынын мугалими; 
1988-1992-жылдары Москва мамлекеттик университетинин аспиранты;
1992-1995-жылдары "Айлатан" фирмасынын директору; 
1996-жылы Орусиянын Даниядагы соода өкүлчүлүгүнүн ага инженери; 
2004-жылы Каржы министрлигине караштуу Бажы кызматы департаментинин кирешелер комитетинин кирешелер башкармалыгынын башчысы; 
2004-2005-жылдары аталган департаменттин кирешелер комитетинин директорунун орун басары;
2005-2006-жылдары өкмөткө караштуу мамлекеттик бажы инспекциясынын директорунун орун басары; 
2006-2007-жылдары аталган инспекциянын директорунун кеңешчиси;
2007-жылы Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын биринчи орун басары; 
2010-жылы Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы; 
2013-жылы президенттин кеңешчиси; 
2013-жылы өкмөттүн Чүй облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү; 
2015-жылы Бишкек шаарынын мэри; 
2016-2017-жылдары Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы; 
2017-жылдын сентябрь айынан декабарга чейин Улуттук банктын төрагасы; 
2017-жылдын декабрь айынан тарта 2018-жылдын майына чейин Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы болгон. 
 Былтыр 18-майда Кубанычбек Кулматовго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мунун алкагында ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деген айып тагылган. 5-июнда ал УКМК тарабынан камакка алынган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан