Бакирдин Субанбеков Эмгек жолун 1970-жылы №2903-автоколоннанын айдоочусу болуп баштаган. Ошондой эле ал 1970-1972-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1973-1974-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик автоинспекциясынын бөлүмүнүн жол көзөмөлдөөчү инспектору;
1974-1980-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин мамлекеттик автоинспекциясынын бөлүмүнүн жол көзөмөлдөөчү ага инспектору;
1980-1983-жылдары Калинин райондук (азыркы Жайыл району) ички иштер бөлүмүнүн мамлекеттик автоинспекциясынын райондор аралык каттоо-сынак бөлүмүнүн мамлекеттик автоинспектору;
1983-1985-жылдары Калинин райондук (азыркы Жайыл району) ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү;
1985-1986-жылдары Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн социалисттик мүлктү уурдоо менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн ыкчам-ыйгарымдуу, ага ыкчам-ыйгарымдуу кызматкери;
1986-1988-жылдары Кара-Балта шаардык ички иштер бөлүмүнүн социалисттик мүлктү уурдоо менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн башчысы;
1988-1990-жылдары Калинин райондук (азыркы Жайыл району) ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
1990-1992-жылдары Кара-Балта шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы;
1992-1994-жылдары Калинин районунун (азыркы Жайыл району) ички иштер бөлүмүнүн башчысы;
1994-1996-жылдары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы;
1996-2001-жылдары Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы;
2001-жылдын март-октябрь айларында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын башчысы;
2001-жылдын октябрынан 2002-жылдын июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгынын башчысы;
2002-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
2005-жылдын мартынан 2011-жылдын ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кадр резервинде, (айкалыштыруу боюнча) коомдук коопсуздук маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Кеңешчиси;
2013-жылдын апрель айынан 2015-жылдын апрель айына чейин "Манас" эл аралык аэропорту" АКсынын директорлор кеңешинин төрагасы;
2016-жылдын 10-февралында “Бир бол” саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2018-жылдын 16-апрелинде "Бир Бол" парламенттик фракциясынын лидеринин орун басары болгон.