18- Февраль 1955 -жылы Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев төрөлгөн
Назаркул Ишекеев 1955-жылы 18-февралда Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүндө туулган. 1971-жылы орто мектепти аяктаган. 1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университеттин филология факультетинин кыргыз тил жана адабият бөлүмүн бүтүргөн. Кыргыздын заманбап педагог, тилчи жана адабиятчы окумуштуусу. Педагогика илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин педагогикалык ишмердүүлүк боюнча мурдагы проректору, профессор. 2017-жылдын 5-январында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан