25- Февраль 1992 -жылы Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы түзүлгөн
Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы түзүлгөнүнө 27 жыл болду. Аталган федерация 1992-жылы иштеп баштаган. Футбол федерациясынын максаты өлкөдө эркектер, кыз-келиндер, чоңдор, жаштар, ардагерлер арасында футбол менен футзалды жайылтуу жана пропагандалоо болуп эсептелет. Футбол федерациясынын президенти 1992-2008-жылдарда Амангелди Муралиев болсо, 2009-2012-жылдары Айбек Алыбаев, 2012-жылдан 2019-жылга чейин Семетей Султанов болуп, 2019-жылы федерациясынын башчысы кызматына Канатбек Маматов шайланган. Футбол федерациясы иштеп баштаганына 2 жыл болгондо Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) мүчөсү болгон. 27 жылдык тарыхында Кыргыз Республикасынын футболу бир топ ийгиликтерге жана жетишкендиктерди багындырды. Эң негизги жетишкендик деп Кыргыз улуттук курама командасынын Азия Кубогунун плей-офф баскычына чыкканын айтса болот. Анткени буга чейин футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы мындай ири жана беделдүү мелдеште күч сынашып көргөн эмес. Футзал жаатында дагы футбол федарациясы дагы бир топ иштерди аткарып, бир нече жылдан бери футзал боюнча Улуттук курама командасы Азия чемпиондугунун финалдык баскычында ойноп келет. Ал эми кыз-келиндер арасындагы ийгиликтерди айта кетсек, Кыргыз курамасы Шотландияда өткөн көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда 2-орунду ээлеген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан