27- Февраль 1989 -жылы
Кыргыз курамасынын футболчусу Виталий Люкс төрөлгөн
Кыргыз курамасынын футболчусу, "Даңк" медалынын ээси, учурдагы Кыргыз курамасынын жана Германиянын регионалдык лигасындагы “Ульм 1846” командасынын чабуулчусу Виталий Валентинович Люкс 1989-жылы, 27-февралда Чүйдүн Кара-Балта шаарында туулган. Үй-бүлөсү Люкс 6 жашында Германияга көчүп кетишкен. Футболчунун "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде ал Кыргыз өлкөсүндө жүргөн кезиндеги балалык кезиндеги элестер аз. Болгону кыргыз балдар менен Кара-Балтанын көчөлөрүндө топ тээп ойногон күндөрүн эскерет.
Кыргыз курамасы үчүн Виталий Люкс 2015-жылдын 11-июнунда дебют жасаган. Анда ал Бангладеш курамасына каршы ойногон. Люксту Кыргыз өлкөсү жана Азия Кубогун карап отурган башка күйөрмандар дагы быйылкы жылдын 16-январында таанышты. Ал Азия Кубогунун тайпалык этабынын алкагында Кыргыз-Филиппин беттешинде хет-триктин автору болду. Бул оюн 3:1 эсеби менен Кыргыз өлкөсүнүн пайдасына аяктап, ал эми тайпаны болсо плей-офф баскычына чыгууга мүмкүнчүлүк берген.
Виталий Люкстун бул оюнунан кийин анын күйөрмандары кескин өстү. Айрыкча кыздар футболчунун жылмаюусуна ашык болуп, "Ак шумкардын" секс-символу атап алышты.