10- Март 1980 -жылы
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев төрөлгөн
Мирлан Жээнчороев 1980-жылы 10-мартта Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2002-жылы «юрист» адистиги боюнча Кыргыз-Орус славян университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.2002-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясында I категориядагы специалист, андан кийин алдыңкы специалист.
2005-2007-жылдары Жогорку Кеңеште депутаттын жардамчысы.
2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппаратында сектордун башкаруучусу, андан кийин бөлүм башчысынын орун басары.
2012-2015-жылдары Бишкек шаардык кеңеште «Республика» партиясынын жетекчиси жана депутаты.
2015-жылдын октябрь айынан азыркы күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын «Республика-Ата Журт» партиясынын депутаты.
Үй-бүлөлүү, эки уул жана бир кыздын атасы.