18- Март 1996 -жылы Кыргыз курама командасынын футболчусу Одилжон Абдурахманов төрөлгөн
Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын жарым коргоочусу Одилжон Абдурахманов 1996-жылы Ош облусунда туулган. Ал өлкө чемпиондугунда 2014-жылы Куршабдын "Алдиер" клубунун катарында дебют жасаган. 2015-жылы Оштун "Алай" футболдук клубуна өтүп, бүгүнкү күнгө чейин аталган клубдун катарында ойноп келет. Абдурахманов "Алай" клубу менен биргеликте 3 жолу (2015, 2016, 2017) Топ-Лиганын алтын медалын тагынган. Ал эми өткөн сезондо "Алай" командасы 2-орунду алып, Абдурахманов өлкө чемпиондугунун күмүш медалына ээ болду. Жарым коргоочу улуттук курама командада 2016-жылдын 30-августунда алгачкы беттешке чыккан. Ал Казакстан менен өткөн оюндун 87-мүнөтүндө Ахлидин Исраиловдун ордуна талаага чыккан. Аталган беттеште Кыргыз курама командасы 2:0 эсебинде жеңишке жеткен. Бүгүнкү күнгө чейин Абдурахманов улуттук кураманын составында 9 оюн өткөрүүгө жетишти. Одилжон Абдурахманов 2018-жылы футбол боюнча олимпиадалык курамга чакырылып, 3 оюнда талаага чыккан. Жыл башында Бириккен Араб Эмиратында өткөн Азия Кубогуна катышкан Кыргыз курама командасынын катарына кирип, бирок оюн талаасына чыккан эмес.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан