20- Март 2019 -жылы Куурчак театрынын мурдагы директору Сатылган Сазаев каза болгон
Куурчак театрынын мурдагы директору Сатылган Сазаев узакка созулган оорудан улам каза болгон. 
 1962-жылы 13-майда Талас областынын Арал айылында туулган. 1980-1982-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1983-1985-жылдары Фрунзедеги театралдык студияда окуган. 
1985-1989-жылдары М.С.Щепкин атындагы театралдык жогорку окуу жайын бүткөн.(ВУЗ) Москва шаары. 
1989-1991-жылдары Б.Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрында артист катары, 1991-1992- жылдары Бишкек шаардык драма театрында башкы администратор, 1993-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун «Актердук чеберчилиги, сахна чабышы - кыймылы» адистиктери боюнча ага окутуучусу, 1992-жылдан 2014-жылга чейин Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында кызмат кылган. 2014-2018-жылдары М.Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрынын директорлук кызматын аркалаган. 2001-ж. «Эмгек сиңирген артист» наамына ээ болгон. 
2009-жылы С.Жумадылов атындагы сыйлыктын ээси болгон. 2018-жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына кайрадан кызматка кирип, иштеп жаткан. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты качан, кайсы жерде болоору тууралуу дагы маалымдайбыз. Эске салсак, маркум бир топ убакыттан бери ооруп, дарыланып жүргөн. Жакындарынын айтымында бүгүн 20-март күнү түшкү саат 12-00дөр чамасында Бишкекеги үйүндө үзүлгөн. Ролдору (Кыргыз улуттук драма театрында): Сазаев Сатылган Акынович. 1962-жылы 13-майда Талас областынын Арал айылында туулган. 1980-1982-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1983-1985-жылдары Фрунзедеги театралдык студияда окуган. 1985-1989-жылдары М.С.Щепкин атындагы театралдык жогорку окуу жайын бүткөн.(ВУЗ) Москва шаары. 
1989-1991-жылдары Б.Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрында артист катары, 1991-1992- жылдары Бишкек шаардык драма театрында башкы администратор, 1993-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун «Актердук чеберчилиги, сахна чабышы - кыймылы» адистиктери боюнча ага окутуучусу, 1992-жылдан 2014-жылга чейин Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында кызмат кылган. 2014-2018-жылдары М.Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрынын директорлук кызматын аркалаган. 
2001-ж. «Эмгек сиңирген артист» наамына ээ болгон. 2009-жылы С.Жумадылов атындагы сыйлыктын ээси болгон. 2018-жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына кайрадан кызматка кирип, иштеп жаткан. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты качан, кайсы жерде болоору тууралуу дагы маалымдайбыз. 
 Ролдору (Кыргыз улуттук драма театрында): 
 1. Жапалак «Жапалак Жатпасов» -Р.Шүкүрбеков 
2. Горацио «Гамлет» -В.Шекспир 
3. Тансыкбаев «Сары өзөктөгү жаза» -Ч.Айтматов 
4. Сократ «Сократты эскерүү түнү» - М.Шаханов 
5. Тазбаймат «Манастын уулу Семетей» -Ж.Садыков 
6. Адыл «Адам жана азезил» -Ж.Садыков -Т.Касымбеков 
7. Майор Ионов «Курманжан датка» -К.Сактанов 
8. Загряжский «Өмүр жана өкүнүч» -Ж.Садыков 
9. Шамен «Ормон хан» -Ж.Садыков 
10. Фатеев «Өчпөс жылдыз» -М.Тойбаев 
11. Помпей «Антоний менен Клеопатра» -В.Шекспир 
12. Парис «Ромео менен Джульетта» -В.Шекспир 
13. 1-жылкычы «Азаттыгым арманым» -К.Акматов 
14. Гусь Багажный «Зойканын квартирасы» -М.Булгаков 
15. Семен «Таң булбулу» -С.Алтымышов 
16. Эркек «Толгоо» -Ж.Өзүбекова 
17. Кент «Король Лир» В.Шекспир 
18. Бердике баатыр «Атаке баатыр» -М.Абылкасымова -К.Иманалиев 
19. Берг «Дубал» -Ян Теттер 20. Шеф «Тагдыр» -Р.Оторбаев 
21. Арасан «Чынгызхандын ак булуту» -Ч.Айтматов 
22. Президент «Туздуу чөл» -М.Гапаров 
23. Орозкул «Арыба ак кеме» -Ч.Айтматов 
 24. Күйөө жигит «Кагылайын Манасым» -Ж.Кулманбетов 
25. Эркинбек «Кош жылдыз» -Ж.Кулманбетов 
26. Кудайберди «Баяндуу махабат» -Б.Калчабаева 
27. Сакен «Алма багы» -Т.Теменов 
28. Бердике «Атаке баатыр» -М.Абылкасымова -К.Иманалиев 
29. А.Чехов «Сунуш» - 
 Сериалдар: 
 1. Ж.Өзүбекова «Чиркин өмүр» - Чабан уул 
2. «Парикмахерская» -Бизнесмен
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан