22- Март 1970 -жылы
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев төрөлгөн
Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев 1970-жылдын 22-мартында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. Ал 2000-жылы Ош мамлекеттик университетин юриспруденция бөлүмүн бүтүргөн.
Нурбаев 2013-жылы Ош технологиялык университетин "өнөр жай жана жарандык курулуш" адистигин да окуган.
Эмгек жолун 1991-жылы "Ошкоопкурулуш" (ЖЧК) өндүрүштүк курулуш мекемесинде мастер, прораб болуп иштөө менен баштаган.
2001-2013-жылдары "Ошкоопкурулуш" (ЖЧК) өндүрүштүк курулуш мекемесинин башкы директору болуп иштеген;
2007-2012-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты, 2012-2015-жылдары Ош бизнес ассоциациясынын башкаруу кеңешинин мүчөсү, чет элдик инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы;
2008-2015-жылдары Ош шаарынын ишкерлер союзунун жетекчиси;
2012-2015-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты, "Адилеттүү Кыргызстан" фракциясынын жетекчиси;
2015-жылдын 4-октябрында КСДП партиясынын тизмеси боюнча 6-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;
Үй-бүлөлүү, алты баланын атасы.