24- Март 1970 -жылы
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Марат Аманкулов төрөлгөн
Марат Аманкулов Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда 1970-жылы 24-мартта төрөлгөн. 1985-жылы мекмепти аяктаган. №37 кесиптик лицейинде, андан соң Кыргыз улуттук университетинде билим алган.
1990-2008 — Жеке ишкер;
2008 — №3 Гагарин шайлоо округу боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
2009 — Бишкек шаардык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комиссиясынын жетекчиси;
2011-2012 — Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы;
2012 — Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директору;
2012-2015 — Депутат, Бишкек шаардык кеңешинин төарагасы.
2015-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин VI чакырылышына КСДП фракциясынан депутат.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.