25- Март 1959 -жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, укук коргоочу Чолпон Жакупова төрөлгөн
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, адвокат Чолпон Жакупова 1959-жылы 25-мартта Аламүдүн районунун Стрельников айылында туулган. Ал 1982-жылы Москва мамлекеттик университеттин тарых факультетин, 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. Азыркы учурда "Адилет" укуктук клиникасын жетектейт. Чолпон Жакупова 2016-жылы депутат болуп турганда Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып, референдум өттү деп таанылса депутаттыктан баш тартарын айткан. Референдум өткөндөн кийин өзү жазган арыздын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы Чолпон Жакупованын депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон. Жакупова 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Бир бол" партиясынын тизмеси менен парламентке келген. Өмүр баянына токтолсок: - 1983-1984-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин саясат тарыхы кафедрасында окутуучу; - 1983-1986-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин аспиранты; - 1986-1990-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин КПССтин тарыхы кафедрасында окутуучу; - 1990-1995-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин окутуучусу; - 1995-1999-жылдары Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин миграция департаментинин директору; - 1999-2002-жылдары "Миграция жана качкындардын маселелери боюнча регионалдык борбор" коомдук фондусунун директорунун орун басары; - 2002-2015-жылдары "Адилет" укуктук клиникасы коомдук фондунун директору; - 2015- жылы "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Ал 2016-жылы депутаттык мандатын тапшырган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан