Футбол боюнча улуттук курама команданын жана "Дордой" клубунун жарым коргоочусу Павел Сидоренко 1987-жылы 26-мартта Бишкек шаарында туулган. Ал профессионалдык карьерасын 2004-жылы Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курама командасынын катарында баштаган.
2006-жылы "Мурас-Спорт", 2007-жылы "Авиатор", 2008-2017-жылдары "Алга" клубдарыннын курамында ойногон. 2017-жылдан бери бишкектик "Дордой" футболдук клубунда оюн көрсөтүп келет.
2010-жылы өлкөнүн олимпиадалык курамында Азия оюндарына катышып, 3 оюнда 1 гол жаратууга жетишкен. Улуттук кураманын негизги составында 2007-жылдын 21-августунда Сирияга каршы беттеште дебют жасап, бүгүнкү күнгө чейин 27 оюнда талаага чыккан. 2019-жылдын башында Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия кубогуна катышуучу 23 футболчунун катарына кирген.
Сидоренко 4 жолу (2007, 2009, 2011, 2017) футбол боюнча өлкө кубогун жана 1 жолу (2018) өлкө чемпиондугун жеңип алган. Дагы 3 жолу (2007, 2008, 2009) Топ-Лиганын күмүш медалын тагынган.